Маданият министрлигине караштуу мекеменин жетекчиси кармалды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу мекеменин жетекчиси кармалды.

ИИМдин маалыматы боюнча, министрликтин кызматкерлери тарабынан жасалма документтердин негизинде 1 800 000 сомдук курулуш иштери жүргүзүлгөнү тууралуу маалымат түшкөн. 2025-жылдын 18-январында аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө Маданият министрлигине караштуу мекеменин жетекчиси — 1992-жылы туулган Б.И.Б. кармалып, камакка алынды.

Тергөө жүрүп жатат.

6 Февраль 2025 жыл 9:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча