Мадина базарынын түштүк тарабында жайгашкан кафе, ашкана жана бастырмалар буздурулду

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын доо катынын негизинде «Мадина» базарынын түштүк тарабында жайгашкан кафе, ашкана жана бастырмалар ээси тарабынан өз ыктыяры менен буздурулду.

Иштин жүрүшүндө, 186 чарчы метр муниципалдык жер бошотулган. Буга чейин Башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты бошотуу боюнча эскертүү берилген.

Мындан тышкары, Абакан көчөсүнүн 121-дарегинде жайгашкан 52 даана жеңил объектилер ыктыярдуу түрдө алынды.

26 Март 2024 жыл 13:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча