Мадумаров абакта калтырылды

Бишкек шаардык соту бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду абакта калтырды.

Анын адвокаттары саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арыз берип, сот аны канааттандырган жок.

8-февралда Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровдун баш коргоо чарасы карап, аны 9-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында калтырган.

22 Февраль 2024 жыл 14:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча