Мадумаров Зулушевдин кызматтан кетиши тууралуу комментарий берди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан кетиши тууралуу комментарий берди.

Ал 3-июнда Бишкек шаардык сотундагы отурумдан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “Курманкул Зулушев кызматта турган учурда мыйзамсыздык көбөйгөнүн” айтты.

“Эртеби-кечпи, баары кызматтан кетет. Кетпей турган киши жок. Эки жарым жылга жакын убакыттын ичинде бардык иштердин аталасын чыгарып бүттү. Бир кишиге бир эмес, жети кылмыш иши козголгон (ред.: Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу). Бирөө да аныкталган жок. Сотко өткөн иштердин көбүндө шектүүлөрдүн иши тастыкталбай келип жатат. Саясий буйруктар өтө эле көп болуп кеткен”, — деди ал.

Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго арыз жазганы 3-июнда белгилүү болгон. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган.

Зулушев Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга 2023-жылы 22-июнда парламенттен уруксат алган.

Быйыл 26-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калган. Бул аралыкта анын адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанган эмес. Жети ай тергөө абагында отургандан кийин мурдагы депутат 26-апрелде бошотулган.

3 Июнь 2024 жыл 17:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча