Мадумаровду милиция кызматкерлери кармап кетти

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кетти. Бул тууралуу анын тарапташтары маалымдады.

Маалыматка караганда, саясатчыны баласы менен көчөдө жүргөн жеринен кармап кетишкен.

Саясатчы учурда ИИМдин Тергөө башкармалыгында экени кабарланды. Ал эмне себептен, кайсы ишке байланыштуу кармалганы азырынча белгисиз.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат такталып жатканын билдирди.

2 Сентябрь 2023 жыл 15:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча