Бүгүн, 8-майда, Адахан Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган соттун чечимине каршы, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берилди. Сот аны каттап, кабыл алганы белгилүү болду.
Борбордук шайлоо комиссиясынын, ЖК депутаты Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чечимине каршы арыз , 20-майда Бишкектин Административдик сотунда карала турган болду.