Бүгүн, 23-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев сөз сүйлөп, Токмок шаарынын мэри депутаттардан кечирим сурашы керектигин айтты.
«Биз биринчи кезекте Конституция, регламент менен ишибизди алып барабыз. Депутаттардын статусу деген да бар. Эрулан Кокулов боюнча айтып кетейин дедим эле. Ооба, мамлекеттик кызматта иштеген эмес, айрым мүчүлүштүктөр бар. Эруландын кандай экенин өзүңөр да билесиңер. Ичи таза, сөзүнө бекем турган адам. Эгер ушундай болбосо эл сүймөнчүлүгүнө айланып, 19 миң добуш алып келмек эмес. Айтайын дегеним, Эрулан ал жерге ойноп барган жок. Элдин кайрылуусу менен барган. Аткаминер жалпы парламенттен кечирим сурап койсун. Мектепти бүтүрөм деп айтып койсун. Өзүн хан сезип алыптыр. Кызмат жерин алмаштырып, мисалы, Таласка жөнөтүш керек. Ошол жерден ал бат эле өзүнө келет. Анан интервью бергенди жакшы көрөт экен. Кайра интервью берип, жалпы парламенттен кечирим сурасын», — деди депутат.
Эскерте кетсек, сентябрь айында депутат Эрулан Кокүлов кайрадан чырдын чордонуна түшүп, бул жолу Токмок шаарынын мэри менен айтыша кеткен. Чырдын чыгышына начар ремонттолгон спорт мектеби себеп болгон. Эл өкүлү видеону социалдык тармактардагы баракчасына жарыялаган.
Кийин Токмок шаарынын мэрия маек берип, Эрулан Кокуловду «таракан кууп жүрүп депутат болгон» деп айткан.
«Бирөөдөн заказ алып, менин артымдан түшкөндөй да. Ачыгын эле айта берейин. Таракан кубалап жүрүп, депутат болгон киши менин билимиме баа бере албайт жана бербеш керек. Менин кол алдымдагы кишилерди же мени басынта турган болсо,мен тиешелүү жоопту берем»,-деген Токмоктун мэри.