Мамбет Мамакеев 97 жашында акка моюн сунду

Залкар хирург Мамбет Мамакеев 97 жашында акка моюн сунду. Бул тууралуу дарыгердин туугандары тастыктады.

Мамакеев хирург болуп 70 жылдан ашык иштеп, өмүрүнүн аягына чейин операция жасап келди. Ал Кыргызстанда хирургия борборун түзүп, дарыгерлердин жоон тобун
даярдап, ондогон илимий эмгек жараткан.

Медицина илимдеринин доктору Мамбет Мамакеев узакка созулган карьерасынан улам Гиннестин рекорддор китебине кирген.

24 Ноябрь 2024 жыл 15:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча