Мамлекеттик камсыздандыруу уюму Таластагы өрт кырсыгынан жабыркаган үйгө кенемте төлөдү

Бүгүн, 10-январда «Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААК Талас филиалынын директору Турсунбек Бейшенбеков турак жайы өрт кырсыгынан жабыркаган Талдыбулак айылынын тургуну Талапкер Джанузаковго 51 444 сомдук «Сертификат» тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Турсунбек Бейшенбеков өз сөзүндө, “Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму” — камсыздандыруу жагдайы жаралган учурда ар-дайым жарандарга жакындан жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле Джанузаковдордун үй-бүлөсүнө бакубатчылык каалап “мындан ары жараткан бөөдө кырсыктан алыс кылсын, ден-соолукта болуңуздар” деген аруу тилегин айтты.

Өз кезегинде Талапкер Джанузаков, “Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунун” Талас филиалына терең ыраазычылык билдирип, алган каражаты турак жайынын жабыркаган тарабын калыбына келтирүүгө толук жетээрин кошумчалады.

Ошондой эле ал убагында турак жайын болгону 600 сомго камсыздандырганын, анын акыбети кайтып, айттырбай келген кырсыктан турак жайы жабыркаган учурда кенемте алганын белгилеп, жарандарды турак жайларын жана автоунааларын «Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунан» камсыздандыруудан өткөрүүгө чакырды.

10 Январь 2025 жыл 19:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча