Мамлекеттик мекемелерде ЭКО жасала баштаары айтылды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйынында депутат Айсара Абдибаева Адамдын репродукциясы боюнча Кыргыз илимий борбору эмне иш кыларына кызыкты.

Депутаттын айтымында аталган борбор репродукция тармагында да, экстракорпоралдык уруктандыруу тармагында да илимий изилдөөлөрдү жүргүзбөй жатат.

«Борбор өз максатына ылайык иштебей жатат.Жарандарыбыз башка өлкөлөргө ЭКО үчүн барышат. Анда жөнөкөй төрөт үйүндөй иштеген бул илимий борбор эмнеге керек», — деди Абдибаева.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев борбордун иши азыртадан эле прокуратура тарабынан текшерилип жатканын билдирди. ЭКО боюнча ал быйыл керектүү жабдыктар алып келинип, андан соң биздин өлкөдөгү мамлекеттик мекемелерде экстракорпоралдык уруктандыруу жүргүзүлүшү мүмкүн экенин белгиледи. Анын айтымында, Япония жабдууларды берүүгө даяр.

1 Апрель 2024 жыл 15:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча