«Манас»аэропортунан 51кг алтынды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган

Контрабандалык 999,9 үлгүдөгү алтын эритмесинин 51кг 866 грамм салмактагы алтын куймалары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Коррупциялык схемаларды жоюу, контрабандага жана көмүскө каражаттарды адалдоого багытталган трансулуттук кылмыштуу топторду аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө, “Манас” эл аралык аэропорту аркылуу алтын куймаларын системалуу түрдө контрабандалык жол менен алып өтүү фактылары боюнча маалымат алынган.

Алынган маалыматтарга ылайык, чет элдик жеке ишкерлер материалдык байлыктарды мыйзамсыз алуу, алтын куймаларын кайра сатуу максатында контрабандалык жол менен алып өтүү боюнча туруктуу канал уюштурушкан. 

Тактап айтканда, УКМК тарабынан “Манас” бажысы менен биргеликте 999,9 үлгүдөгү алтын эритмесинин 51кг 866 грамм салмактагы алтын куймалары кармалды.

Жогорудагы фактынын негизинде чет мамлекеттин 1 жараны кармалды.
14 Ноябрь 2023 жыл 14:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча