Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рыспай Исаковго Эл артисти наамы ыйгарылды. Мындай жогорку наам бүгүн, 18-апрелде Кыргыз Улуттук Манас театрынын ачылышында тапшырылды.
«Эмгекти баалап сыйлык тапшырганына кубанып турам. Башкаларга да жугуштуу болсун», — деди Исаков.
Белгилей кетсек, Түркиянын Бурса шаарында өткөн Манас айтуу жумалыгында Рыспай Исаков 124 саат улуу баян айтып «Гиннесстин рекорддор китебине» кирген.