Мароккодогу жер титирөөдө адамдардын дүрбөлөңгө түшкөн учуру камерага түшүп калган (видео)

Мароккодогу зилзаланын башталышы көзөмөл камерасына түшүп калган. Видеону NBC телеканалы жарыялаганын РИА Новости агенттиги жазды.

Видеодо алгач Марракеш шаарындагы көчөлөрдүн бири көрүнөт. Адегенде эч нерседен капарсыз отурган адамдар эмне болуп жатканын түшүнүшпөйт. Андан соң баары туш тарапка чуркай башташкан. Ошол учурда имараттардын бири кулаганы да байкалат.

Кийинки кадр ресторандын ичинде тартылган. Мында да жайбаракат отургандар жер силкингенде дүрбөлөңгө түшүп, имараттан сыртка качып чыгышкан.

Марокко акыркы бир кылым аралыгында кесепеттүү зилзаланы башынан кечирди. Кырсык кечээ, 9-сентябрда, болгон. Өлкө ИИМинин маалыматында көз жумгандардын саны 2000ден ашып, дагы ушунча адам жабыркаган. Жер титирөөнүн очогу Марракеш шаарынан 80 чакырым аралыкта жайгашкан, магнитудасы 6,9ду түздү.

10 Сентябрь 2023 жыл 10:51

Тема боюнча