Мас абалында унааны уурдап качкан кыз кармалды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери тарабынан унаа айдап качууга шектелген 2001-жылы туулган О.Ж. аттуу кыз кармалды.

Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, 7-апрель күнү саат 08:45те ЖЭБдин жанында токтоп турган “Тойота Харриер” үлгүсүндөгү унаа уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Перехват» операциясынын алкагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы ыкчам иликтөө иштеринин алкагында мас абалында унаа айдап бара жаткан шектүүнү кармады.

Кыз Свердлов РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

8 Апрель 2024 жыл 8:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча