«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун камалышы боюнча, анын кесиптеши Исхак Масалиев билдирүү жазды.
«Адахандын сөзү, иш аракеттери айрым кишилерге жакпайт. Жүгүнбөйт чоңдордун алдында, бирөөгө кошомат кылганын байкалбайт.
Башкалар Адаханды элге кызмат кылып, ачуу чындыкты айткан адам катары кабыл алышат. Тарапташары туу катары баалашат. 5 микрофонду көптөгөн жарандарыбыз угуп турат…
Азыркы камакка алган кадам — тергоо кызматкерлердин, соттун акмакчылыкы, мыйзамды одоно турдо бузгандыгы. Бирөөнүн тапшырмасын аткарганынды көрүнөт.
14 жыл (!) мурда Президенттин түзмө түз тапшырмасын аткарса, Өкмөттүн сунушунун негизинде протоколго кол коюп, — УШУНДАЙ КАДАМ КЫЛСАК БОЛОТ, ӨКМӨТТӨР КЕРЕКТҮҮ ЧЕЧИМДЕРИ КАБЫЛ АЛСА, ЖОГОРКУ КЕҢЕШ БЕКИТИП БЕРСЕ гана ишке аша турган кагаз үчүн ЧЫККЫНЧЫЛЫК деген берене менен Адаханды жоопко тартуу болбойт.
Торагабыз, Нурлан Шакиев, тез арада чара колдонсо туура болмок. Жогорку Кеңештен июнда Кылмыш Кодексдеги бир берене боюнча депутат Мадумаровду жоопко тартуу учун макулдук алышкан, ал эми такыр башка берене менен камалганы кантет?!
Ким ушул камоонун демилгечи болсо да, мен эскертип койгонго милдеттүүмүн, — токтоткула жигиттер, кыйшык жол менен кеттиңер! Түбөлүккө эч нерсе берилбейт, айрыкча бийлик, амал…
Бул күндөр өтөт…»,-деп жазды Масалиев.