Матраимов менен бир дасторкондо отурган депутаттардын видеосу тарады

Коррупция боюнча соттолгон Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов менен бир дасторкондо отурган айрым депутаттардын видеосу тарады.

Соцтармакка тараган видеодон депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу, Алишер Козуев, ички иштер министринин мурдагы орун басары Мелис Турганбаевди көрүүгө болот.

Видеону тарткан адам «Жусупбектин туулган күнү»,- деп уюлдук телефонду депутатка карматкан. Жусупбек Коргонбай уулунун өмүр баянында туулган күнү 28-ноябрь деп көрсөтүлгөн.

Алишер Козуевдин айтымында, видео Жусупбек Коргонбай уулунун туулган күнүндө «Фрунзе» ресторанында тартылган. «Менинче 2-3 жыл мурун тартылган. Жусупбек Коргонбай уулунун туулган күнү болгон», — деген Козуев журналисттерге. 

Видео анын туулган күнүндө тартылганын Жусупбек Коргонбай уулу Kaktus.media басылмасына өзү тастыктады. «Бул эски видео. Менин туулган күнүм болчу. Алар мени куттуктап келишкен», — деди депутат. 

Матраимов расмий түрдө майрамга чакырылганбы деген суроого жооп берип жатып, «Менин туулган күнүмдү билгендер келишет. Туулган күнгө чакыруусуз эле келишет да» деди ал.

13 Ноябрь 2023 жыл 14:52

Тема боюнча