Бүгүн, 6-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйында депутат Медер Алиев Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев менен кесиптеши Эрлан Көкүловдун ортосундагы пикир келишпестик боюнча комментарий берди.
«Кечээ орун алган окуя боюнча кесиптешибиз Эрулан Көкүлов министрликке барганы тууралуу пикиримди билдирип койгум келет. Каныбек Капашович күчтүү саясатчы, министрликке жаңы келди, аракет кылып жатат. Ага чейинки министр пара менен кармалды. Эмне үчүн Эрулан Көкүлов ошолорду талап кылбашы керек? Анын үстүнө айрым министрлер комитеттерге келбей калды. Менимче, депутат 21-кылымдын агымына жараша мобилдүү болушу керек. Уялчаак эмес. Элдин талабын аткара турган. Балким, ал этиканы сактабай жаткандыр, бирок өзөгү жана түпкүрүү туура болуп жатпайбы», — деди депутат Алиев.