
Жанар Акаев баштаган медиктерге жана мугалимдерге кол көтөргөндөргө жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору комитет тарабынан колдоо тапты.
Бүгүн, 10-июндагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Мирлан Самыйкожо, Акылбек Түмөнбаев, Жылдыз Садырбаева, Нилуфар Алимжанова тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Депутат Жанарбек Акаев мыйзам долбоорун тааныштырып, түзөтүүлөрдүн максаты жана мааниси тууралуу учкай маалымат берди.
Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жаткан учурда медициналык же фармацевттик жана педагогикалык кызматкерлерди коркутуу же аларга карата зомбулукту колдонуучуларга карата кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүүнү көздөйт.