Мексикадагы кырсыкта 41 адам каза тапты

Мексикада автобус жүк ташуучу унаа менен кагышып, 41 адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматта караганда, жол кырсыгы Табаско штатында катталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жүк ташуучу унаа каршы тилкеге чыгып, жүргүнчү ташыган автобус менен кагышкан. Анын кесепетинен улам эки транспорт каражаты тең күйүп кеткен.

Автобуста 48 адам болгону айтылууда. Каза болгондордун арасында 39 жүргүнчү жана эки айдоочу бар.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, издөө иштери уланууда. Азырынча 18 адамдын сөөгү таанылды.

10 Февраль 2025 жыл 12:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча