Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу жол кире акысын көтөрүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Муниципалитет азыркы тарифтер жаңы транспорт алуу мындай турсун убагында оңдоп-түзөөгө жол бербей жатканын айтты.
Мэрия 14-сентябрга чейин жол кирени көтөрүү боюнча документтин долбоорун жарыялайт.
Шаар бийлиги мурда дагы ушундай сунуш берген. Бирок социалдык тармактагы нааразычылыктан улам долбоорду артка чакыртып алган эле.