Мэрия муктаж жана аз камсыз болгон жарандарды отун менен камсыздайт

Бишкек шаарынын мэриясы муктаж жана аз камсыз болгон жарандарды отун менен камсыздайт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен Ч.Айтматов проспектисинин боюндагы теректер муктаж жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылат.

Белгиленгендей, каалоочулар 2024-жылдын 25-декабрына чейин кышкы отун алуу үчүн райондук администрацияларга арыз менен кайрылса болот.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү департаментинин каттоосунда турган 163 аз камсыз болгон үй-бүлө жылуулук үчүн отун алышкан.

14 Декабрь 2024 жыл 17:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча