
Мэрия Ош базарын иретке келтирүүгө киришти.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Токтогул/Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде башаламан соодадан ыктыярдуу түрдө жолдун бөлүгүн тазалоо иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, мындан бир жума мурун муниципалдык инспекция соодагерлерге 344 эскертүү берген.
Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан жеңил курулуштарды жана объектилерди бузуу боюнча 50 эскертүү берилген. Жеринде мыйзамсыз орнотулган 13 соода күркөсү алынган.
Ошондой эле соодагерлер өз ишмердүүлүгүн мыйзамдуу негизде гана уланта ала тургандыктары эскертилди. «Ош базары» соода комплексинин ичинде жашылча-жемиштерди сатуу үчүн 72, сүт азыктарын сатуучу аянтта 7 бош орун бар.
Мындан тышкары, муниципалдык кызматка орношуу үчүн бош маалымат берүүгө атайыфн күркө орнотулду. Бардык кызыкдар тараптар үчүн кайсы ишканаларда бош орундар бар, кайсы кызмат орундары жана маяналары да көрсөтүлгөнү тууралуу маалымат жайгаштырылды. Жалпысынан шаардык кызматтарда 1500 бош орун бар.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев башаламан соода кылган соодагерлер менен жыйын өткөргөн. Ал жаңы базардан өз ишмердүүлүгүн мыйзамдуу жүргүзгөндөр гана орун алаарын белгилеген.
Бардык иштер калаа башчысынын көзөмөлүндө.