Мэрия жаңы жыл күнү унаалардын ордуна, коомдук транспортту колдонууга чакырат

Бишкекте Жаңы жыл түнү коомдук транспорттор түнкү саат 3кө чейин иштейт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

«Күн сайын шаардыктарды тейлеп жаткан 56 каттам же 1200 бирдик толугу менен чыгат. Мындай чечим шаардыктарды майрамдан кийин үйүнө жеткирүү жана жаңы жылдык маанай менен калаа тургундарына шарт түзүү үчүн кабыл алынды. Унаа тыгындарын алдын алуу үчүн борбордун тургундарын жана меймандарын жеке унаалардын ордуна, коомдук транспортту колдонууга чакырабыз»,- деп айтылат маалыматта.

26 Декабрь 2024 жыл 9:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча