Милиция 1-майдан 10-майга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт

1-майдан 10-майга чейин ички иштер органдарынын өздүк курамы коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма-сөз кызматы кабарлады.

Милиция май айынын узак дем алыш күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. Коомдук тартипти камсыз кылуу, анын ичинде маданий-массалык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин комплекстүү планы бекитилди.

Май майрамдарында милиция жарандардын коопсуз эс алуусу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт.

Мындан тышкары, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүшөт.

Мас абалындагы айдоочуларга же айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражаттарын башкаргандарга өзгөчө көңүл бурулат.

Шектүү жарандар же ээсиз буюмдар табылган учурда бул тууралуу Ички иштер органдарына 102 телефону боюнча токтоосуз маалымдоону сунуштайт.

30 Апрель 2024 жыл 19:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча