Ушул жылдын апрель айынын аягында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери 20-25 жаштагы жаран баңгизат сатып жүрөт деген маалымат алышкан. Буга байланыштуу ИИМ кызматкерлери тарабынан баңги каражаттарды таратуу фактыларын аныктоо максатында ыкчам иштер жүргүзүлгөн. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш жасоого шектүү катары Чүй облусунун тургуну 2005-жылы туулган Н.Я. кармалган. Ал Буденный жана Жибек –Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде баңгизатты сатып жаткан жеринен колго түшкөн.
Андан аркы ыкчам иштердин жүрүшүндө кармалган жаран өз ыктыяры менен 13 жерде катылган жерди көргөзүп, кара пакетке оролгон баңгизаттарды ыктыяры менен өткөрүп берген. Ошондой эле ал жашаган үйүнөн колдо өндүрүлгөн өзгөчө жыты бар болжол менен 200 грамм болгон баңгизатты өз ыктыяры менен тапшырган. Анын үйүндө баңгизаттарды даярдоо жана сактоо боюнча кичи лаборатория табылган.
Жогорудагы баңгизаттарга соттук-химиялык экспертиза жүргүзүлүп, анын корутундусу менен 184 грамм марихуана менен 3,972 грамм пирролидиновалерофенон психотроптук заты экентиги аныкталган.
Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү жаран Н.Я. убактылуу кармоочу жайга камалды. Азыркы учурда иликтөө жүрүп жатат.

