Милиция кызматкери өрт кырсыгына жардам берүү учурунда каза болду

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү милициянын майору Дилмурат Шамшиев 41 жашында өрт кырсыгына жардам берем деп мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Дилмурат Шамшиев 1982-жылы 16-февралда Ош облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн. Ал ички иштер органдарына 24 жашында кабыл алынып, бир нече жыл кенже курамда кийин аймактык тескөөчү, жашы жете электер менен иштөө инспекциясында, андан кийин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматында үзүрлүү эмгектенип, акыркы мезгилдерде кылмыш иликтөө бөлүмүндө кызмат өтөп, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң салымдарын кошуп келген. Артында 3 баласы калды.

2 Ноябрь 2023 жыл 12:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча