Милиция кызматкери зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-февралда милиция кызматкерлерине 2001-жылы туурган кыз кайрылган.
«Арыз ээсинин айтымында, ал Сары-Өзөн көчөсүндөгү мейманканада зордукталган. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, шектүү катары Октябрь РИИБдин кызматкери К.У. кармалды», — деп жазылат билдирүүдө.
Кошумчалангандай, ал убактылуу камакка алынып, тергөө уланууда.