Милиция Токтогулда мал уурулукка шектүүлөрдүн тобун кармады (видео)

Токтогул милициясы мал уурулук менен алектенген топту кылмыш жасоо учурунда кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.

2024-жылдын 19-март күнү Токтогул районунун 37 жаштагы тургуну Ж.М. РИИБне арызы менен кайрылып, 8-мартынан, 9-мартка караган түнү Токтогул районунун Кызыл-Туу айылында үйүнүн короосундагы сарайдын ичинен, базар баасы 100 000 (жүз миӊ) сомдук бир баш уйун, белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты Токтогул РИИБдин КБРне катталып, кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыш ишинин алкагында, Токтогул милициясынын жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Токтогул районунун бир нече тургунунун кылмыштуу аракеттери байкалып, алардын өздүктөрү такталып, шектүүлөрдүн изине түшкөн.

Белгилей кетүүчү жагдай, 2024-жылдын 4-апрелден 5-апрелге караган түнү, Токтогул районунун тургуну М.Ш.нын сарайынан 2 баш уйду алып чыгып, уурдап баратышкан жеринен милиция тарабынан кылмыш иизи сууй электе кылмышка шектүү катарында 2002-ж.т. К.у.А., 2003-ж.т. А.Н. жана 2004-ж.т. Ж.А. колго түшүрүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмыштуу топтун буга чейин Токтогул районун аймагында 2023-жылдын ноябрь айынан 2024-жылдын апрель айына чейинки аралыкта РИИБдин КБРне катталган дагы бир нече кылмыш жасагандыгы, тактап айтканда жалпысынан беш баш уй жана төрт баш арашан багытындагы койлорду уурдашып, жыйынтыгында жарандардарга – 450 000 сом зыян келтиргендиги аныкталган.

Жогорудагы кылмыш иштери боюнча аталган шектүүлөрдүн баш корго чарасы Токтогул райондук соту тарабынан каралып, 2 айга камакка алуу түрү тандалган жана Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул кылмыштуу топтун дагы башка кылмыш иштерине тийиштиги бар же жоктугу боюнча иликтөө иштери жана тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

               
9 Апрель 2024 жыл 12:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча