Милицияны сөккөн жаран 96 саатка камалды (видео)

Милиция кызматкерлерин оозго алгыс сөздөр менен сөгүп коомдук таптипти бузган жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

16-декабрда болжол менен саат 21:30 чамасында жаран Бишкек шаарынын Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан наркология бөлүмүндө текшүрүү өткөрүү учурунда милиция кызматкерлерин спирт ичимдиктерин ичип алып, сөгүп, аларга баш ийбей,  коомдук таптипти бузган.

Аталган факты боюнча Октябрь РИИБдин кызматкерлери ыкчам иштерин жүргүзүп, 1981-жылы туулган жаранды кармашып, Октябрь РИИБге жеткиришкен. Азыркы учурда Бишкек шаарынын Октябрь районун сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ага жаза катары 4 суткага камакка алынган.

23 Декабрь 2023 жыл 18:33

Тема боюнча