Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева кечээ, 6-ноябрда Бишкек шаарындагы №57 орто мектептин директорунун милдетин аткаруучу Айнура Сыдыкованы кабыл алып, аталган мектептин тарых мугалими менен окуучунун апасы катышкан окуянын чоо-жайын укту.
Жолугушууда министр мугалимге карата агрессиялык мамиле адеп-ахлактык нормаларга да сыйбай турганын белгилеп, мугалимдин укуктарын тебелөөгө жол бербөө керектигин эскертти. Ошондой эле министр №57 мектептин директоруна ошол окуядан кийин жумуштан бошонуп кетүүгө аргасыз болгон мугалимдин ишке кайтып келүүсү боюнча иш алып барууну тапшырды. Ал чуулгандуу окуядан кийин жумуштан бошонуп кеткен тарых мугалими менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын өз жумушуна кайтып келүүсүнө жардам берүүгө даяр экенин билдирди.
Эске салсак, 5-ноябрда социалдык тармактарда окуучунун апасы окуучулардын көзүнчө мугалимди урушуп, ыйлатып жаткан видео тараган.
Видео боюнча билим берүү министрлиги үн каткан. Ошондой эле билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева «Мугалим жалдап алган кул же малайың эмес» деген билдирүү жазды.