Министр: «Укугу бузулуп жатат деп кыйкырып чыкпагыла». Окуучулар классын өздөрү жыйнашат

Билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева мындан ары окуучулар мектепте өз классын жыйнай турганын билдирди.

«Балдар өзүн-өзү тейлөө, бирөөнүн эмгегин баалоо жана турмуштук көндүмдөрдү калыптандыруу максатында башталгыч класстан баштап, өзүнүн классын жыйноо системасы кирет. Төмөнкү класстан жогорку класска чейин. Укугу бузулуп жатат деп кыйкырып чыкпагыла. Бирөөнүн короосун же үйүн жыйнабайт. Бул үчүн дагы башка өлкөлөрдүкүн карап жатабыз», — деди ал.

29 Декабрь 2023 жыл 7:32

Тема боюнча