Министрлер Сузактагы окуяда жабыркаган балдарга барышты

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Сузактагы окуяда жабыркаган балдардын абалынан кабар алды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Облустук балдар ооруканасы, Сузак аймактык ооруканасы жана Октябрь ооруканасына жалпы 34 бейтап жаткырылган. Азыркы учурга карата алардын абалын дарыгерлер канааттандырарлык деп баалашууда.

3 Май 2024 жыл 9:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча