Министрлик мамлекеттен 100 миң сомду ким жана кантип ала аларын айтты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттен 100 миң сомду ким жана кантип ала аларын айтты.

Мекеменин маалыматына ылайык, быйыл мамлекет 20 миң үй-бүлө менен социалдык келишим түзүүнү көздөөдө. Ал үчүн үй-бүлөнүн эмгек жана мүлк потенциалы, түзүлгөн бизнес-планы болушу зарыл.

«Социалдык келишимдин алкагында 100 миң сомду берүүдө үчтөн көп балалууларга, майып үй-бүлөлөргө, ошондой эле «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун жана «жашыл» экономиканын критерийлерине жооп берген кирешелүү, туруктуу бизнес-планы барларга артыкчылык берилет. Учурда 13 миңге жакын үй-бүлө өз бизнесин ачып, мамлекеттин колдоосу менен киреше ала баштады», — деп жазылган маалыматта.

Белгилей кетсек, социалдык паспорту бар же «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алгандар «социалдык келишим» түзүп, 100 миң сомдон кайтарымсыз акча ала алышат.

12 Апрель 2024 жыл 9:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча