Минск шаарында өткөн парадка Кыргызстандын аскерлери катышты

Минск шаарында фашисттик баскынчылардан бошотулганынын 80 жылдыгына арналган парадга Кыргызстандын жана башка бир катар өлкөлөрдүн аскерлери катышты.

Sputnik Беларусь агенттигинин маалыматына ылайык, парад республиканын борборунда Победители проспектинде өтүүдө.
Парадды легендарлуу советтик Т-34 танкаларынын экипаждары ачып, андан кийин модернизацияланган техника шаардын көчөлөрү менен жүрүштү.
Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, парадга Улуттук гвардиянын Ардак кароолунун ротасынын 60 аскер кызматкери катышууда.

3 Июль 2024 жыл 14:38

Тема боюнча