Мирзиёев кызын өзүнө жардамчы кылып дайындады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кызы Саида Мирзиёеваны өзүнө жардамчы кылып дайындады. Бул тууралуу Мирзиёевдин басма сөз катчысы Шерзод Асадов маалымдаган.

38 жаштагы Саида өткөн жылы Президент админстрациясынын коммуникациялар жана маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси болгон. Ага чейин массмедиа боюнча фондду жетектеп, бир катар мамлекеттик кызматтарды ээлеген. Ошондой эле Өзбекстандын атынан бир катар абройлуу саммиттерге да катышып келет.

Саида Мирзиёева Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетин аяктаган. Ошондой эле Ташкент мамлекеттик юридикалык университети жана Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик унверситетинен магистрдик билим алган.

26 Август 2023 жыл 12:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча