Мончого кеткен аялдын сөөгү кудуктан табылды

Сокулук РИИБге 30-январда 1985-жылы туулган Ж.Р. аттуу эжесин издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. 

Арыздануучу, эжесе Ж.Р. 28-январда Сокулук районунун Төш-Булак айылынын Каракинов көчөсүндөгү үйүнөн саат 23:00төр чамасында айылдагы мектеп-интернаттын аймагындагы мончого деп чыгып, кайтып келбегендигин билдирген.

Бул факт боюнча териштирүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Ж.Р.нын туугандары анын мончого алып барчу буюмдарын эртеси күнү үйдөн табышкан.

31-январда мектеп-интернаттын короосундагы кудуктан киши колдуу болуп каза болгон Ж.Р.нын сөөгү табылган.

Дайынсыз жоголгон аялды өлтүрүүгө шектелип, 1984-жылы туулган А.Н. кармалган. 

Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, керектүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалды.

Кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

3 Февраль 2025 жыл 10:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча