Москвада кыргызстандык таксистке ок чыгарган киши кармалды

Москвада кыргызстандык таксистке ок чыгарган киши кармалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдын ала маалыматы боюнча, окуяда 1998-жылы туулган Ш.С. аттуу кыргызстандык жаран жабыркап, медициналык жардам алуу үчүн ооруканага жеткирилген. Учурда «ден соолукка атайылап жеңил залал келтирүү» боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалып, травматикалык курал алынып, тергөө иш-чаралары уланууда.

Кошумчалангандай, жабырлануучу Ш.С. ошондой эле Россиянын жарандыгына ээ.

Эске салсак, соцтармакта окуянын видеосу тараган. Анда айдоочулар жол талаша кетип, чыр чыккан. Тирешүү учурунда чечен жараны тапанча алып чыгып, ок аткан.

18 Февраль 2025 жыл 9:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча