Москвадагы «Крокус сити холл» концерттик залында атышуу болууда (видео)

Москвадагы «Крокус сити холл» концерттик залында ок атылганын РИА Новости жазды.

Ал арада окуянын күбөлөрү дагы маалымат менен бөлүштү.

Агенттиктин кабарчысы билдиргендей, залга камуфляжчан үч адам кирип ок чыгара баштаган. Жабыркагандар бар. Андан соң куралчандар граната же күйүүчү шашка ыргытып, натыйжада өрт чыккан.

«Залдагы адамдар жерге жата калган, алар 15-20 мүнөт жатып, андан чоң жөрмөлөп эшикке чыга баштаган. Көпчүлүгү чыгып кетүүгө үлгүргөн», — деп билдирген кабарчы.
Окуя болгон жерге күч түзүмдөрү иштеп жатат. Ыкчам штаб түзүлдү.
Акыркы маалымат боюнча «Крокус сити холлдогу» жабыркаган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүгө 50 тез жардам бригадасы жөнөтүлгөн.

23 Март 2024 жыл 0:56

Тема боюнча