Мугалим сабак аткарбаган окуучунун колуна 17 жолу ийне сайган

Ала-Бука райондагы Ак-Коргон айылында жайгашкан Ч. Айтматов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими 5-класстын окуучулары тапшырма аткарбаганы үчүн алардын колуна ийне менен сайган. Бул тууралуу Чынара Эсенбековна аттуу жаран өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

Арасынан бир окуучунун колуна 17 жолу ийне сайылган.

«Мага бүгүн ушундай кат келип түштү. Таң атпай келген кат мени таң калтырды… эмне болуп баратабыз? Бир кумалак бир карын майды чиритет деген сөз абдан туура айтылган экен…
Өткөндө мугалимге акаарат келтирген окуучуга штраф салуу туура деп ойлойсузбу деп журналисттер да кайрылган эле. Болгон, акылым жеткен нерселерди мисал катары айтып өткөнмүн…
Эми бул көрүнүш менин журөгүмдү өтө оорутту. Кадимкидей ар бир ийне мага сайылгандай сезилди.
Билим берүү жана илим министрлиги не түз эле жиберейин деген элем, ал жактан алгылыктуу жооп келбесин так жана даана билем. Азыр ал жакта иштегендер эч кандай реакция кылбай калган жана жооп да бериши күмөн иш.

Катты эч өзгөрүүсүз эле бул жакка жүктөйм. Министрликтен жооп бере турган болсо менин өзүмө жибере берсе болот.
Мен мугалимдер үчүн ,мугалимдердин укугу үчүн, ошондой эле окуучулар үчүн жан дилим менен болгон аракетимди жумшайм, бирок арасынан ушундайлар чыкканда бир уйдун мүйүзү сынса миң уйдун мүйүзү зыркырайт демекчи бул көрүнүш жүрөгүмдү оорутту…

Мугалимдер ой пикириңиздерди күтөм!!!

Анда үйдөн окутуп алгыла деген чолок ойлорду жазбоону өтүнөм.

Ала-Бука райондагы Ак-Коргон айылында жайгашкан #40 Ч. Айтматов мектебинин кыргыз тили жана адабиятты мугалим Асанова Гулчирой 5-класстын окуучулары тапшырма аткарбаганы учун 27-октябрда Рахимжанов Дениздин, Наргозуев Амантурдун, Бекназардын колуна ийне менен сайган. Дениздин колуна 17 жолу ийне сайган. Ата-эненси Фапка алып барып көрсөткөн. Бул окуя ИДНге чейин жеткен, директор Савридинова Зухра ата-энелерди мектепке чакырып, ата-энелерди коркутуп, бул ишти токтоткон. РБББга маалымат барган,директор бул ишти да ал жак менен келишип бүтүргөн. Асанова Гулчиройго мыйзам чегинде чара көрүп берүү жагын суранабыз»,-деп жазылат маалыматта.

3 Ноябрь 2023 жыл 10:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча