Мухаммаддын (с.а.в.) 37-урпагы Кыргызстанга келди

Бүгүн, 7-май күнү Бишкек шаарындагы Имам Сарахсий башкы мечитинде Азирети Мухаммаддын (с.а.в.) 37-урпагы болгон ислам жарчысы, уулу аалым Хабиб Умар ибн Хафиз шам намазын окуп, калаа тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттан малымдашты.

Ал Йемен Республикасынын Хадрамаут аймагындагы Тарим шаарында 1963-жылы 27-майга туура келген (1383-жылы 4-мухаррам, дүйшөмбү) күнү таңга маал төрөлүп, ошол жерде чоңойгон. Ыйык Куранды жаттап, атасынын колунда илим, ыйман жана кооз адеп-ахлак чөйрөсүндө эрезеге жеткен. Учурда дүйнө жүзүн кыдырып, исламий сукпаттарды өткөрүп келет.

8 Май 2024 жыл 9:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча