Мурдагы депутаттын уулу Камчы Көлбаев менен байланышка шектелип кармалды

Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Борис Сандын уулу Александр Сан кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Ал маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышка шектелүүдө. Ага дагы кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштыруу айыбы тагылды.

УКМКнын маалыматында, Александр Сандын бөгөт чарасы аныкталып, 4-январга чейин камакка алынды.

Мурдагы депутаттын уулу Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылап жүргөнү айтылат.

УКМК билдирүүсүндө, Борис Сандын үй-бүлөсүнө “Сан-Сити” комплекси, “Золотой Дракон” рестораны, мурунку “Сан-клуб” казиносу жана Бишкекте  59 кымбат баалуу кыймылсыз мүлк таандык.

Алардын коммерциялык багыттагы мүлкү 80 миллион долларга бааланат.

28 Ноябрь 2023 жыл 18:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча