Мурун 500 сом болчу. «Рух ордо» туристтик борборуна кирүү акысы арзандады

Ысык-Көлдөгү «Рух ордо» туристтик борборуна кирүү акысы арзандады. Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматы Аскат Алагөзөв ,социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

«Ысык-Көлдөгү “Рух ордо” туристтик борборуна байланыштуу маалымат менен бөлүшө кетейин.

“Рух ордого” кирүү үчүн ар дайым киши башына акча алынып келгенин, ал жакка мындан 3-4 жыл мурун баргандар жакшы билишет.

Ал кезде, билесиздер, аталган туристтик борборду жеке жактар иштетип келишкен. Кирүү акысы 2020-жылга чейин 400 сом болсо, андан кийин аны 500 сомго чыгарышкан. Жана бул сумма бүгүнкү күнгө чейин кармалып турган.

“Рух ордо” мамлекеттин карамагына өтүп, документтештирүү жана башка жол-жоболору бүткөрүлүп, быйыл туристтерди жаңыдан кабыл ала баштаган. Көп өтпөй “Рух ордого” кирүү акысына (500 сомго) нааразычылыктарын да билдирип чыгышкандар болду.

Мындан улам, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жарандарыбыздын руханий азыктануусуна жеткиликтүү шарт түзүү максатында бул туристтик борборго кирүү акысы 350 сомго төмөндөтүлдү.

«Акысыз эле кылып койсо болбойт беле» деген да суроолор туулушу мүмкүн.

Бирок, борбордогу объектилерди бапестеп карап турууга, чеке-белин көрктөндүрүп, жакшыртып турууга каражат талап кылынарын унутпашыбыз керек»,-деп жазды Алагөзөв.

19 Июнь 2024 жыл 19:19

Тема боюнча