Мурунку аялын көчөдө сабаган жаран кармалды

Бишкекте мурдагы жубайын сабаган киши кармалды. Мындан тышкары кармалган жаран аны күч менен унаага отургузуп алып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, окуя 21-сентябрда саат 15:30да Бишкектеги көчөлөрдүн биринде болгон.

«Бишкек ШИИББнин ЖКККБнын кызматкерлери окуя болгон жерге тез арада келишкен.

Оозеки уруш учурунда  1990-жылы туулган А.Ү. аттуу жаран 1988-жылы туулган А.З. аттуу мурунку жубайын ура баштаган.

Кылмышкер тергөө кызматына жеткирилген. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча иштин материалдары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чара көрүү үчүн Свердлов райондук ИИБ коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди.

Жабырлануучу А.З. денесинен алган жаракаттары тууралуу жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда», — деп билдиришти милициядан.

Күбөлөр тарткан видеодо кармалган жаран экс-жубайын күч менен унаага салып, алып кетүүгө аракет кылганын байкоого болот.

Ак футболка кийген өтүп бара жаткан адам аялды коргоп калган.

22 Сентябрь 2024 жыл 16:39

Тема боюнча