
Мыйзамсыз алып келинген автоунааларды легалдаштыруунун баасы 100 миң сом болушу мүмкүн. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин жетекчисинин орун басары Бакытбек Шералиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда тиешелүү токтом долбоору президенттик администрацияда каралууда.
«Бардык автоунаалар үчүн бирдей баа коюлат. Автоунааны мыйзамдаштыруу болжол менен 100 миң сом деп белгиленүүдө. Мындан тышкары, айдоочу мамлекеттик номер жана каттоо күбөлүгү үчүн төлөшү керек. Ошондо болжол менен 102 миң сом болуп калат», – деди Шералиев.
Эске салсак, оң рулдуу унаалар 1-марттан тарта этап-этабы менен мыйзамдаштырыла баштайт. Алгач документи бар автоунаалар, андан кийин документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген унаалар катталат. Үчүнчү этапта документтери жок унааларды башка максатта пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилет (тетик катары сатуу, өлкөдөн ташып чыгуу, утилдештирүү ж.б.).
Легалдаштыруу 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга ташылып келген унааларга тиешелүү.