Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында 5-майда өткөн UFC 301 турниринде 70 килограммга чейинки салмак категориясында Мыктыбек Оролбай уулу бразилиялык мушкер Элвес Бренер менен беттешти.
Үч раунддун жыйынтыгы менен Мыктыбек Оролбай уулу каршылашын 3:0 эсебинде жеңип, таза жеңишти камсыздай алды.
Буга чейин Мыктыбек Оролбай уулунун UFC боюнча дебюттук беттеши 2023-жылдын ноябрында өткөн, анда сербиялык Урош Медичти мөөнөтүнөн мурда жеңип, анын ордуна келген.