
Абу-Дабиде өткөн UFC 308 турниринде Мыктыбек Оролбай уулу польшалык Матеуш Ребекки менен беттешип, жеңилип калгандан кийин кыргыз элиңе кайрылуу жасап, ыраазычылык билдирди.
Ал өткөн беттеште колдоо үчүн ыраазылык билдирип, келечек алдыда экенин айтты
Буга чейин биринчи беш мүнөттө Оролбай уулу бир нече оор соккуларды өткөрүп жиберген, андан оң көзү дээрлик жабылып калган, бирок тыныгууда аны текшерген дарыгер беттешти улантууга уруксат берген.
Экинчи раундда, польшалык мушкердин оң көзүнүн кашы жарылган.
Үчүнчү раунд эң кызыктуу жана кандуу болду: Ребецкий Оролбай уулун нокдаун абалына түшүргөн.
Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын пикирлери экиге бөлүнгөн: бири 29-28 эсеби менен Оролбай уулуна жеңишти берсе, калган экөө бирдей упай менен Ребецкийдин пайдасына берген.