«Үнүм эч жерге жеткен жок…» Кулак, мурду кесилген келин кайрылуу жасады

20-сентябрда Сокулуктун Селекция айылында мурдагы күйөөсү аялынын бетин, кулак-мурдун кескилеп кыйнаган үрөй учурган окуя катталган. Келин алган оор жаракаттарынан улам ооруканага түшкөн.

Келин бүгүн, 30-сентябрда видео кайрылуу жасап, анын үнү эч кимге жетпегенин айтты.

“Мен Кыргызстанга келген күндөн баштап, бул зөөкүр менин жанымды койгон жок. Менин кайрылбаган жерим калган жок. Канча арыз жаздым. Менин укугум корголгон жок. Үнүм эч кимге жеткен жок”,- деди ал.

1 Октябрь 2023 жыл 14:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча