Надира Нарматова  «Саламаттык сактоо министринен тууганын жумушка орноштурууну суранды»,-деген маалыматты төгүндөдү

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова «Саламаттык сактоо министринен тууганын жумушка орноштурууну суранды» деген маалыматты төгүндөгөн билдирүү жазды.

Ал сөзүн бурмалап жатышкандыгын айткан.

«Маалыматтык согуш жүрүп жатат. Аны баамдап турам. Адам катары учурашып, турмуштук ар түрдүү сөздөрдү тамашалап сүйлөшүп олтурганбыз. Адам менен адам учурашып сүйлөшөт да. Сүйлөшүп олтурсак министрге бирөө чалып кылды. Телефон менен сүйлөшүп жаткан. Биз маани берген жокпз. Биз башка эле сөздү сүйлөшүп жатканбыз. Бир кыз отурган .Түшүнүп түшүнбөй, божомолдоп, жалаа жаап жазып чыгыптыр. Кудай урбадыбы биротоло! Журналисттердин көзүнчө адам катары учурашып, тамашалашып, сүйлөшө да албай калган заман болуп калдыбы?! Ар бир сөздү бурмалап жалаа жаап жазышып. Ал жерде жумуш сурап суранган жөнүндө сөз сүйлөнгөн жок. Батыштан каржыланган НПОлор, ММКлар артымдан аңдып отурушканы мага маалым. Ар бир сөзүмдү бурмалап, жамандап, жалаа жаап жүрүшөт. Кудайдан корккула! Канчалык жалаа жапсаңар да «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдан артка кайтпайм. Ал мыйзам мамлекеттин коопсуздугу үчүн керек! Мамлекеттик көзөмөл, тартип, жоопкерчилик, айкындуулук, ачыктык, отчеттуулук болуш керек. Иштөөгө тыюу салган, адам укугун басмырлаган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократиянын принциптерине басым жасалган сөз жок. Жазмакерлерге эскертүүм. Менин туугандарымдын баарынын өз орду бар. Диплому да бар. Бешене тер эмгектенип жашоо улашат. Менин принцибим андай ыплас иштерге жол бербейт. Иште, маңдай тер менен акча таап, оңой оокат жок деген үй-бүлөөдөн чыкканбыз»,-дейт Нарматова.

Ал эми Бейшеналиев депут айым менен тууганын жумушка орноштуруу боюнча сөз болгонун жашырган жок.

10 Октябрь 2023 жыл 10:56

Тема боюнча