Кечээ, 9-октябрда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын сүйлөшүүсүнүн видеосу тараган. Анда Нарматова тууганын жумушка орноштурууну суранган.
Бул көрүнүш социалдык тармактарда талкуу жаратып, бир катар сындар айтылды.
Бейшеналиев Govori.TVга комментарий берип, жумуш ордун ооруканадагы башкы дарыгер чечерин айткан.
«Саламаттык сактоо министри катары менден сурангандар көп болот. Нарматованын айтып жаткан тууганы Санк-Петербург шаарынан келиптир, жакшы адис деди. А мен болсо жөн гана багыттама бердим. Квалификациясы барбы же жокпу? Иштей алабы? Ооруканада штат барбы? Башкы дарыгер чечет»,- деди Алымкадыр Бейшеналиев.