Бүгүн, 14-ноябрда Нарын шаарынын Шералиев көчөсүнүн 53 жаштагы С.В. аттуу тургунун издөөнү Нарын шаардык жана Нарын райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 куткаруучусу улантышууда. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Учурда куткаруучулар.шаарды аралай аккан Нарын дарыясынын жээктеринен, аралдардан карап жатышат.
Белгилей кетсек, шаар тургуну 11-ноябрь күнү болжол менен саат 15:00дө үйүнөн чыгып кеткен бойдон, кайтып келбегендиги тууралуу маалыматты туугандары билдиришкен. Мындан улам кечээ, 13-ноябрда жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Нарын райондук ӨКБдан 20 куткаруучу, жергилктүү тургундардан 2 адам тартылган.
Издөө иштери тууралуу кошумча маалымат берилет.